БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Лаззат Нуркожоеванын жигити 3-августка чейин камалды

Лаззат Нуркожоеванын жигити 3-августка чейин камалды

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу 10-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдирди. 

Маалыматка караганда, райондук соттун токтому 6-июлда чыккан. Сабырбековду тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.

Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча шектелүүдө.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазышкан. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Анын сөзүнө караганда, шектүүнүн башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды табуу болгон. 

"Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат", - деди Алагөзов.

24-июнда президенттин карындашы Лаззат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен келип колун сураган видеолорду социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Окуя коомчулукта кызуу талкуу болуп, интернет колдонуучулар муну "ашыкча чыгым" деп сынга алышкан.

Анын эртеси мамлекет башчы Садыр Жапаров кайрылуу жасап, карындашы жаштык кылганын айтып, кыргыз элинен кечирим сураган. 

Президент буга чейин аткаминерлерди ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырып келген.  

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей