БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 30-августта арыз берди. Бул тууралуу "Т-Медиага" БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирип, анын арызы жакынкы отурумда караларын айтты. Жыйын качан өтөрү белгисиз. 

Кадырбеков эмне себептен арыз жазганы белгисиз. Бул тууралуу өзү да комментарий бере элек. Анын мандаты "Ыйман Нуру" париясынын тизмесинде турган кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өтүшү мүмкүн. 

Нуржигит Кадырбеков 22-августта Улуттук коопсуздук мамлекттик комитетине суракка чакырылыган. Сурактан чыгып баратып журналисттерге комментарий берип, анда "Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу көрсөтмө бергенин айткан. 

Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы "Ыйман" фондунун ишмердигин текшерүүгө алган. Аудиттин маалыматына караганда, "Ыйман" фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын 4 млн 999 миң 674 долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Нуржигит Кадырбеков 47 жашта. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына "Ыйман Нуру" партиясынан депутат болуп шайланып келген. Ага чейин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп турган. 2020-жылы ушул эле министрликти жетектеген. 2015-2019-жылга чейин "Ыйман" фондун башкарган. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей