БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жаңы курула турган базардын орду тегизделүүдө. Сүрөттөр

Ошто жаңы курула турган базардын орду тегизделүүдө. Сүрөттөр

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Ош шаарынын Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү курулуп жаткан жаңы базардын орду тегизделип, шагыл төгүлүүдө. Анын аянты жети гектарды түзүп, курулушу эки айда бүтөрү айтылууда.

"Тендер эми жарыяланат"

Вице-мэр Марс Исаев учурда жаңы базардын долбоору даярдалып бүтүп калганын айтат. 

 "Азыр документ иштерин бүтүрүп жатабыз. Кийинки жумадан базардын эскизи да даяр болот. Кандай курулат? Канча адамга ылайыкташкан? Ошондо толук маалымат беребиз. Тендер да жарыяланат", -деди ал.  

Айрым активисттер базардын орду сугат жери экен айтышууда. Алар мэрия жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун максаттарына каршы иш жасап жатканын белгилейт. 

Буга чейин мэрия борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөрүн кабарлаган. Ал үчүн Жапалактагы унаа базардын жанындагы 16,7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок кийин соодагерлердин нааразычылыгынан кийин базардын орду өзгөртүлгөн.

Эске салсак, 14-июлдагы катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жанындагы базарды каптаган. Селден беш адам каза тапкан.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей