БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: бүгүн суучул Петрашов мелдешке чыгат

Олимпиада-2024: бүгүн суучул Петрашов мелдешке чыгат

Сүрөт: 24.kg

Бүгүн, 27-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында 14 медаль топтому ойнотулат. Кыргызстандын атынан суучул Денис Петрашов  биринчи мелдешке чыгат. Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзөт.

Спортчулар беш топко бөлүнгөн. Жарым финалга 16 спортчу өтөт. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. 

26-июлда жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болуп өттү. Анда спортчулар Сена дарыясында кайык менен параддан өтүштү. Кыргызстандын желегин дзюдочу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп чыкты. 

Аустерлиц көпүрөсүнөн Йена көпүрөсүнө 200 өлкөнүн командалары өткөн парадга 300 миңден ашуун көрүүчү топтолду. 

Жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 17-августка чейин Парижде өтөт. Мелдешке Кыргызстандан Акжол Махмудовдун башчылыгында 16 спортчу катышат.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей