БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орусияда мигранттарды өлкөдөн чыгаруу мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда

Орусияда мигранттарды өлкөдөн чыгаруу мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда

Сүрөт: TASS

Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып кабарлады. Маалыматка караганда, мекеме Административдик тартип бузуулар жөнүндөгү кодекске чет элдиктерди кайсы бир мыйзамдарды бузду деген негизде өлкөдөн чыгарууга мүмкүндүк бере турган кеминде 20 берене киргизүүнү сунуш кылууда.

ИИМ Орусияда бир жылда чет элдик жарандар аралашкан 235 миңдей административдик тартип бузуу катталып жатканын белгиледи. Мекеме кодекске сунуштап жаткан 20 берененин көпчүлүгү коомдук тартип, коопсуздук, анын ичинде экстремизмге каршы күрөш жаатындагы укуктарды коргоого багытталарын кошумчалады.

"Бул чет элдик жарандарды Орусиядан мажбурлап чыгарууну тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет ", - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, мигранттарга карата түзүлгөн административдик протоколдордун көбү тартип коргоо органдарынын коомдук коопсуздук жана укук тартиби боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө байланыштуу. ИИМ белгилендей, административдик жазалоонун мыйзам бузууну алдын алуу функциясын күчөтүү максатында сунушталып жаткан мыйзамга миграция эрежелерин бузган адамдарга салынуучу айыппулду көбөйтүү тууралуу нормаларды киргизүү каралууда.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалгандардын көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусияда борборазиялык эмгек мигранттарына, айрыкча тажикстандыктарга талап катуулап, депортация, өлкөгө киргизбөө, куугунтукка алуу жана ар кандай басым күчөгөнүн укук коргоочулар жана мигранттардын өзүлөрү айтып келишет.

Автор: Т-Медиа > 352 статей