БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Ош» аэропортуна тумандан улам учактар коно албай жатат
Бүгүн, 16-январда "Ош" аэропортун коюу туман каптап, учактар учуп-коно албай жатат. Ушул сааттарда (10:21) Бишкек-Ош рейси кармалып турат. Ал эми Ош-Стамбул каттамы токтотулганын "Манас" аэропортунун өкүлдөрү кабарлашты.
Учурда тумандан улам 60-70 метрден алыс жер көрүнбөй калган. "Манас" аэропорту учуулардын убактысы тууралуу дагы кошумча маалымат берилерин маалымдады.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat