БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: "Алтын" кафесинен чыккан өрттөн жанындагы эки үй толук күйүп кетти

Ош: "Алтын" кафесинен чыккан өрттөн жанындагы эки үй толук күйүп кетти

Сүрөт: ӨКМ

26-июнда Оштогу Курман Датка көчөсүндө жайгашкан "Алтын" кафесинен өрт чыгып, ал жанаша турган үй турак жайга өткөн. Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаевдин билдиришинче, эки үй толугу менен күйүп кеткен. Дагы биринин чатырын өрт чалган.

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо тамактануучу жайдын ичинде жайгашкан навайканадан чыккан.

"Кафенин түндүк тарабында навайкана бар экен. Ошондон өрт чыкан деп божомолдоп жатабыз. Анан газ болондор көп экен. Өрттү өчүрүп жатканда жарылып кетти. Бирөөнөн газ чыкканын байкадык", -дейт ал

Өрттү өчүрүүгө жети бөлүм, бир авто шаты тартылган. Тилсиз жоо 27-июнга караган түнү саат 01:00дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1100 чарчы метрди түзөт.  Жабыркагандар жок, чыгымдын суммасы эсептелине элек.  

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей