БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ош: базардагы соодагерлердин көчүү убактысы узартылышы мүмкүн

Ош: базардагы соодагерлердин көчүү убактысы узартылышы мүмкүн

Видеодон скриншот

Борбордук базардагы соодагерлерди жаңы базарга көчүрүү узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Ош мэриясынын "Базар" дирекциясы муниипалдык ишканасынын жеткечиси Чыңгыз Шерматов "Т-Медианын" түз эфиринде айтты. 

Мөөнөттү узартууну соодагерлер суранууда. Мындан сырткары жаңы базарды асфальттоо иштери бүтө элек.

"Базарды көчүрүү убактысын 20-январдан жылдырат окшойбуз. Аба-ырайына да байланыштуу базардагы асфальт иши кармалып калды. Эки күндүк жумуш калган", -деди ал. 

Буга чейин мэрия 20-январдан тарта Алишер Навои көчөсүндө иштеп жаткан борбордук базар жабыла турганын эскерткен. Аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулары айтылган болчу.

Жаңы базардын аянты жети гектарды түзөт. Эки жарым миң орунга ылайыкташып, ага 600 млн сом каражат жумшала турганы, базардагы орундар учурдагы базарда иштеп жаткан соодагерлерлердин баарына акысыз берилери айтылган.

2024-жылдын 14-июлундагы катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы нугунан ашып жанындагы базарды каптаган. Селден беш адам каза тапканТабигый кырсыктан кийин ал жердеги базар башка жакка көчүрүлмөй болгон. Алгач мэрия борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөрүн кабарлаган. Ал үчүн унаа базардын жанындагы 16,7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок кийин соодагерлердин нааразычылыгынан кийин базардын орду өзгөртүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала