БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: борбордук базар Жапалакка көчүрүлөт

Ош: борбордук базар Жапалакка көчүрүлөт

Сүрөт Ош шаардык мэриясынын фейсбук баракчасынан алынды

Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт. Соода жайы автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашарын 19-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтар менен бирге ал жерди көрүп чыккан. Мэрия жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтууда. Учурда көчүрүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-июлда Оштогу селден жабыркагандар менен жолукканда сел каптаган борбордук базар башка жерге көчүрүлөрүн билдирген. Ошондой эле Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар толук тазаланарын белгилеген.

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Бир катар жарандар үй-жайсыз калган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей