БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: эки баласын талашкан окуя боюнча териштирүү башталды

Ош: эки баласын талашкан окуя боюнча териштирүү башталды

Ош шаары/ Сүрөт: "Турмуш"

Атасы эки баласын ыйлатып алып кеткени жатканы тартылган видео боюнча Ош шаардык милициясы маалымат берди. Учурда окуя боюнча териштирүү башталган.

Маалыматка караганда, тасмадагы балдардын ата-энеси ажырашып кеткен. Үч жана жети жаштагы балдар таенесинин колунда калган, апасы чет өлкөдө эмгектенип жатат. Атасы аларды мектептен алганы барганда мугалимдер баланы бербей милиция чакырган. Укук коргоо кызматкерлери балдарды Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгына алып келип, өткөрүп берген. Видеого атасы ошол жерде дагы балдарын талашып жаткан учур тартылган.

3-октябрда социалдык тармактарда тараган видеодо атасы кызын ыйлатып, көтөрүп кетип жатканын көрүүгө болот. Ал тасманы тараткан интернет колдонуучусу милиция окуяга күбө болуп туруп чара көрбөгөндүгүн, атасынын үстүнөн арыз берилгенин жазган.

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей