БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Ош электр тармактар ишканасынын » жооптуу кызматкери кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысы менен "Ош электр тармактар ишканасынын " жооптуу кызматкери кармалганын 4-июлда кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2019-2022-жылдары "Ош электр тармактар ишканасы" өз муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу ар кандай товардык-материалдык баалуулуктарды, анын ичинде "СВ 110-3, 5" жана "СВ 95-2" үлгүсүндөгү темир-бетон таянычтарын, "Д16" арматураларын, "ИПТВ-10" изоляторлорун, кычкылтек баллондорун, "А" ширетмесин, "А-35", "А-50", "А-70" зымдарын сатып алган.
Бирок текшерүүдө жалпы суммасы 13 млн 213 миң сомду түзгөн жогоруда аталган товардык-материалдык баалуулуктардын 49 позициясы боюнча жетишсиздиктер аныкталаган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу")менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары “Ош электр тармактар ишканасынын ” жооптуу кызматкери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүү катары кармалган жаран аталган ишкананын борбордук кампасынын жетекчиси – А.С.М. ошол убактагы товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жооптуу болгон.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Автор: Осмонова Айдана > 794 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat