БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош мэриясы «Коопсуз шаардын» камераларын сатып алууга 2,5 млрд сомго тендер жарыялады

Ош мэриясы «Коопсуз шаардын» камераларын сатып алууга 2,5 млрд сомго тендер жарыялады

1

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы «Коопсуз шаар» долбооруна камераларды сатып алуу үчүн 2,5 миллиард сом коротууну пландап жатат. Бул тууралуу 11-октябрда мамлекеттик сатып алуулар порталында белгилүү болду.

Мэрия жарыялаган тендерге ылайык, 2,5 миллиард сомго стационардык жана көчмө аппараттык — программалык комплекстерди сатып алууну пландалууда. Аны менен эл жыш жайгашкан көчөлөрдүн кесилиштеринде жол эрежесин бузгандарды жана автоунаанын агымын аныктоого болот. Конкурс 25-октябрга чейин уланат.

Ошто долбоор 2020-жылы декабрда ишке киргизилери жарыяланган. Бирок азыркыга дейре иштебей турат. Аны ишке ашырып жаткан кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы милдетин аткара албагандыктан Санариптик өнүктүрүү министрлиги сотко берген.

Кытайлык компания жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек.

Автор: Т-Медиа > 355 статей