БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош облустук милициясына үч жаңы орун басар дайындалды

Ош облустук милициясына үч жаңы орун басар дайындалды

Сүрөт: ИИМ

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын үч жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу 8-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, кадр боюнча орун басарлыкка Ашырбек Ахунов дайындалды. Ал буга чейин мекеменин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Ал эми ыкчам иштер боюнча орун басарлыкка Нургазы Увалиев келди. Ал ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясында жазык укук кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенген. 

Коомдук коопсуздук боюнча орун басарлык кызмат Эрнист Бекташовго ыйгарылды. Ал Нарын облустук милициясынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы болуп турган. 

Эске салсак: социалдык тармактарда тараган видеодон кийин 27-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармылыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, үч орун басары кызматтан алынган. Алар - Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев. Милиция кызматкерлери мушташты делген видео 26-ноябрда социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей