БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: сел агызып кеткен бешинчи жарандын сөөгү табылды

Ош: сел агызып кеткен бешинчи жарандын сөөгү табылды

Сүрөт: ӨКМ

Сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылды. Ал 39 жаштагы Б.А. аттуу жаран экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Издөө ишине кыргыз тараптын кайрылуусу менен коңшу өлкөнүн куткаруучулары тартылган.

Каза болгон аялды 14-июлда Ош шаарынын борбордук базарынан сел агызып кеткен.

Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып, туулган жери - Оштун Он-Адыр кичи районунда жерге берилген. Төртөө тең бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары.

Катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, Оштогу борбордук базарды, эс алуу жайларын, айылдарды суу каптаган. Бир нече автоунааны суу агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учурап, бир катар жарандар үй-жайсыз калган.

Селдин кесепетин жоюу, келтирилген чыгымды эсептөө иши уланууда.

Автор: Т-Медиа > 352 статей