БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: сел агызып кеткен төрт кишини издөө уланууда

Ош: сел агызып кеткен төрт кишини издөө уланууда

Селге агызган кишилерди издөө учуру. Сүрөт: ӨКМ

Ош шаарында сел агызып кеткен эки аялды жана эки кызды издөө уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ага 350 киши тартылганын 15-июлда эртең менен билдирди. Дайынсыз болуп жаткандардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү экени айтылган.

Издөө-куткаруу иши төрт топко бөлүнүү менен башталды. Арасында эки кинолог, суучул-куткаруучулар бар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жайгашкан "Мөл булак" эс алуу жайында 44 жаштагы аялды жети, он жана 19 жаштагы кыздары менен кошо сел агызып кетип, алар изделип жаткан. 14-июлдун кечинде Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан сөөгү табылган жети жаштагы кыз изделип жаткан кыздардын бири экени айтылды. Ал эми экинчи аялды борбордук базардан сел суулары алып кеткен.

Күн мурун Ошто катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, ​жээкке жакын жайгашкан базарды, эс алуучу жайларды каптап кетти. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады.

Ош мэриясынын маалыматы боюнча, борбордук базарда жалпы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан улам базарда убактылуу иш токтогон. 

Шаарда өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

Автор: Т-Медиа > 354 статей