БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: селден кийин кармалган мурдагы жетекчилердин камактагы мөөнөтү узартылды

Ош: селден кийин кармалган мурдагы жетекчилердин камактагы мөөнөтү узартылды

УКМК тараткан сүрөт

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовдун, Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеевдин, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошевдин жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы Ильяс Сансызбаевдин абактагы мөөнөтү 18-ноябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 13-сентябрда чыгарганын "Т-Медиага" облусттук соттун маалымат кызматы кабарлады. 

Шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Оштогу башкармалыгынын тергөөчүсү келтирген.

Буга чейин Ош шаардык соту Жасур Азимовду 18-сентябрга чейин камакка алганы белгилүү болгон. 

Азимов, Санзыбаев, Токошев жана Семетеевдин кармалганын УКМК 24-июлда ачыктаган. Алар кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталууда. Мындан сырткары Ош шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Иминджановго издөө жарыяланган. 

Атайын кызматтын маалымдашынча, шектүүлөр Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га Туран кичи районунун түштүк тарабындагы 2,2 гектарга жакын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам берген. Каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларды суу каптаган. Туран кичи районуна жакын турак жайларды 14-июлда сел алып кетип, жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алган. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирген. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. 

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган. Бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, суу ташкындан 800дөй үй зыян тарткан.

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей