БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаардык кеңешине 72 депутат кошулду

Ош шаардык кеңешине 72 депутат кошулду

Ош шаардык кеңешинин 20-марттагы жыйыны

Аймактык-административдик реформадан кийин Ош шаардык кеңешинин депутаттары 117 депутатка көбөйдү. 

Ага ылайык, Кызыл -Кыштак жана Төлөйкөн айыл аймактарынан 31 айылдык кеңештин депутаттары шаарга кошулду. Ошондой эле  Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик айылдарынан жети, Шарк айыл аймагынын Имам-Ата айылынан үч депутат шаардык кеңештин курамына кирди.

Реформанын жыйынтыгында Ош шаарынын калкынын саны 454 миң 858 адамга жетти. Ал эми республика боюнча жергиликтүү кеңештердин саны 268ге кыскарды.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Ош шаарына Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар айылдары кошулган. Мындан сырткары эки муниципалдык башкармалыктын аталышы өзгөрүп, Ошто эми жалпысынан тогуз муниципалдык, айылдык аймактык башкармалык болду. 

Мамлекет башчысынын "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгы 2023-жылдын 30-декабрында чыккан. Жарлыкка ылайык, Ош облусундагы 88 айыл аймактын саны 58ге кыскартылды. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей