БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарына эки айыл өкмөт жана бир нече айыл кошулду

Ош шаарына эки айыл өкмөт жана бир нече айыл кошулду

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Президенттин жарлыгына ылайык, Ош шаарына Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар айылдары кошулду.

Мэриянын кабарлашынча, эки муниципалдык башкармалыктын аталышы өзгөрүп, Ошто эми жалпысынан тогуз муниципалдык, айылдык аймактык башкармалык болду. 

Мамлекет башчысынын "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгы 2023-жылдын 30-декабрында чыккан. Жарлыкка ылайык, Ош облусундагы 88 айыл аймактын саны 58ге кыскартылды. 

2023-жылы Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунун аймагында административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору ишке ашырылып баштаган. Кыргызстандын учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт баскычтуу системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары менен шаарлар.

Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери жети облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде эки республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей