БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош шаарына кирүүчү негизги жол эки айдан кийин ачылат
Ош шаарына кирүүчү негизги жол (Монуев көчөсү) унаа каттамы үчүн эки айдан кийин ачылат. Бул тууралуу вице-мэр Замир Юсупов бүгүн, 29-октябрда журналисттерге берген комментарийинде айтты.
Айтымында, учурда Монуев көчөсүнүн бир тарабы (Юрфа тарабы) ачылып, Алимжанов көчөсү аркылуу калаага кирүүгө шарт түзүлдү. Ал эми шаардан Мадумаров, Шамшиев, Увамская, Таджикская көчөлөрү аркылуу чыгууга болот.
"Негизги оор жумуштар бүттү. Куруп жаткан компаниянын талабы боюнча Монуев көчөсүн үч ай мурда жабышыбыз керек эле. Бирок шаарга кирүүчү негизги жол болгондуктан толук тоспой, жарымы жабылып, ошол жакта жумуштар болуп жаткан. Андай шартта бир эле техника иштеп, толук кандуу иш болбой жаткан. Ошого байланыштуу жолдуу толугу менен жабууну чечкенбиз", -дейт Замир Юсупов.
Учурда аталган көчөнү казуу иштери жүрүүдө.
Монуев - Шакиров - Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу быйыл июнда башталган. Мэриянын маалымдашынча өтмөк жол тыгынын жоюу максатында курулууда. Быйыл кышка чейин пайдаланууга берилери пландалган. Аны курууга 269 млн сом сарпталат.
Курулуш иштерине байланыштуу 25-октябрдан тарта Монуев көчөсү жабылган болчу.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat