БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош шаарынын айрым кичи райондорунда таза суу жок

Ош шаарынын айрым кичи райондорунда таза суу жок

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарынын айрым кичи райондорунда кечээтен бери таза суу берилбей жатканын "Т-Медиага" жашоочулар билдиришти. Калаа тургундары ичүүчү суунун токтогонун социалдык тармактарга да жазып жатышат.

Мэриянын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов маселе авариялык кырдаалдан жаралганын, мындан улам айрым кичи райондордо суу токтогонун билдирди. Ал "таза суу бүгүн кечке чейин калыбына келтирилет" дейт. 

"21-апрелдеги катуу жаан суу түтүктөрүн алып кетиптир. Оңдоп жатышат. Ошондуктан таза суу шаардын жарымында бар, жарымында жок болууда. Бул кырдаал кечке чейин калыбына келтирилет", -дейт ал. 

 

Буга чейин калаа бийлиги Ош шаарында таза суу маселеси толук чечилегенин маалымадаган. 2023-жылы 31-августта Ош шаарын таза суу менен камсыз кыла турган төрт резервуар ишке берилген. Анын ар бирине 6 миң куб метр суу бата турганы жана анда жарандар үчүн ичүүчү суу топтолору айтылган.

Таза суу көйгөйү чечилгенин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-мартта аталган калаадагы Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатта сүйлөгөндө айткан

Расмий 450 миңден ашык адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы ылайланып, суу берүү кээде эки-үч күнгө чейин токтотулган учурлар болгон. Административдик-аймактык реформага ылайык, Ош шаарына бир нече айыл кошулду. Бейрасмий эсепте калктын саны 600 миңден ашат.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей