БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштун мэринин мурдагы жардамчысы ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды

Оштун мэринин мурдагы жардамчысы ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы А.К.С "ишкерлерден акча талап кылып алып жүргөн" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 13-июнда кабарлады. 

Атайын кызматтын маалымдашынча, ал мэрдин жардамчысы болуп турганда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан ай сайын 400 миң сомдон алганы аныкталган. Мындан сырткары 2023-жылы И.Н.И. аттуу жарандын 6,4 млн сомун "Эгемендүүлүк күнүнө" жана "Ош шаарынын күнүнө" карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен алдап, ээлеп алганы айтылат. 

"А.К.С. 2023-жылдын апрелинен декабрь айына чейин кесиптештеринин жана коомчулуктун белгилүү бир таасирине жана ишенимине ээ болуп, мыйзамсыз акча каражаттарын алган деп айыпталууда. Ал бул ишенимди өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып, системалуу түрдө акчалай сыйлыктарды алып, анын ордуна өзүнүн жардамын жана колдоо көрсөтүүсүн убада кылган. Анын аракеттеринен мамлекетке 10 миллион сомго чейин зыян келген "-деп жазылат маалыматта. 

УКМК мэрдин мурдагы жардамчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, опузалоо жолу аркылуу Ош шаарынын башка ишкерлеринен да өзгөчө ири өлчөмдө акча алгандыгын кошумчалады. Ага 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, атайын кызматтын тергөө абагына эки айга камалган. Учурда тергөө уланууда.

УКМК А.К.С. тарабынан опузалап акча талап кылган жарандарды жана ишкерлерди атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына (Ош шаары, Баялинов көчөсү, телефон: 7-32-32) кайрылууга чакырат. 

Атайын кызмат берген А.К.С. деген инициал Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбековдун аты-жөнүнө туура келет.

Шаар мэриясы бул тууралуу комментарий бере элек.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей