БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: төрт чакырым жол басып билим алган шаардыктар

Ош: төрт чакырым жол басып билим алган шаардыктар

1

Ош шаарына караган Алай 1-2-3 кварталдарында мектеп жок. Балдар эки сааттык жол жүрүп билим алышат. Аймакта коомдук транспорт, жол, мектеп көйгөйлөрү бар экенинен буга чейинки да, азыркы шаар башчылары да кабардар болгон. Бирок көйгөй азыркыга чейин чечилбей келет.

Аталган аймактын тургуну Канышай Жеңишбек кызы күнүгө кызына жолдо жүрүүнү катуу эскертип мектепке жиберет. Анткени айылда мектеп жок болгондуктан кызы менен уулу төрт чакырымдай жерди жөө басып, башка айылдагы билим уясына барышат. Анын айтымында, жакын ортодогу мектепте орун жок деп албай койгон. Мындан улам балдарын алыскы мектепке берүүгө аргасыз болгон.

«Балдырыбыз айыл аралап жөө барышат. Айылда билесиздер да ар кандай окуялар болот. Ит бар, башка бар. Корком. Эки-үч күн өзүм алып барып алып келдим. “Мына жерде ит, мына жерде мал бар экен. Кетип жатканда чоочун адамдар сүйлөсө жооп бербей тез басып келгиле” деп жолдорду үйрөттүм. Балдарым түштөн кийин окушат. Кышында өтө эле кеч, караңгы кирип кетет. Маршрутка менен алып барып, алып келишим керек. Маршруткалар тыгын болуп албай койсо бир-эки саат күтүп калабыз».

Ал эми күндө узак жолду басып билим алган Айшоола Абдыжапарова үйүнөн мектепке эки саатта жетерин айтып берди.

«Бул жердегилер баары Учарга барат. «Кыйналдым, болду барбайм мектепке» дейт. Неге дегенде жолу алыс, 1-2 саатта зорго жетебиз. Кээде сабактар көп болгондо, сумкаларыбыз оор болуп, чыканактарыбыз ооруп, буттарыбыз жарылып кетет».

Алгач Кара-Суу районунун аймагында болгон бул эки квартал 2011-жылы Ош шаарынын карамагына өткөн.  Аймакта эл жыш жайгашкан. Жети миңдей калк расмий катталганы менен, иш жүзүндө мында  жашагандардын саны алда канча көп. Аймакта бир бала бакчадан башка эч кандай социалдык объект жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган аймактын жолу начар, суу тартышжарыктандыруу жолго коюлган эмес. 

Бирок жергиликтүүлөр азыр баардык көйгөйдү артка коюп, мектеп ачылса дегенде эки көзү төрт экинин билдиришти. Алай 1 кварталынын башчысы Адилет Каримбековдун айтымында, учурда аз дегенде миңдей окуучу шаардын мектептерине чачырап билим алышат. 

«Элестетиңиз, 9000 калк жашаса 2000-3000 окуучу болушу мүмкүн. Же миң окуучу болушу мүмкүн. Ошолордун бири Кулатовго барып окушу мүмкүн, бирөөсү, Юго-Востокко, бири Араванскийге, бири ХБКга барып окуш мүмкүн. Элдин көйгөйү – жаш окуучулар эрте менен маршруткага чыкса толуп калат. Окуусуна жетишпей калышат. Кечке маал кайтканда  маршруткалар эрте токтоп калат. Мисалы, 6 саат окуган окуучулар бар, эртең кыш келатат. Бат эле караңгы түшүп калат. Ата-энелери көчөдөн издеп келген күндөр болот».

Каримбековдун маалыматына караганда, 2016-жылы Иригатор көчөсүнө 275 орундуу спорт залы, откананасы менен мектеп курула баштаган. «Биримдик 21-кылым» компаниясы  54 млн сомго сегиз айдын  ичинде курулушту бүтүрүп берүүнү моюнга алган. Каржы республикалык бюджеттен берилери айтылган.  Бирок арадан жети жыл өтүп, шаарда төрт мэр алмашты. Мектептин курулушу бүткөн эмес. 

Жергиликтүү бийлик маселени кантип чечүүдө? 

Жергиликтүү эл мектеп бүткөнгө чейин аймакка кошумча коомдук транспорт каттатып берүүнү өтүнүп ушул жылдын августунда Ош мэриясына арыз жазышкан. Анткени 7000 калк жашаган аймакка иш күндөрү 122-каттамда 14, 15 кичи автобус ишке чыгат. Тургундардын айтымында, аталган автобустар элди тейлеп жетишпейт. Бирок атайын түзүлгөн комиссия “коомдук транспорт каттаса, ал өзүн актабайт деген жүйөө” менен кошумча каттам ачуунун кереги жок деген жыйынтыкка келишкен.

Ал эми шаар мэри Бакытбек Жетигенов жаңы жылдын алдында автобус алып калышса, аталган аймактын маселеси чечилет деп билдирди.

«Келишимди бузуп, аткаруучу менен ишти башкага берели десек, иш сотто болуп жатат. Эми дагы көрөлү, кайсы жолдору бар, эмне кылсак болот дегендей. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жаңы-жылга чейин 50 автобус алабыз деп жатабыз. Ошондо бул маселе чечилип калат. Андай көйгөйлөр шаардын көп жерлеринде бар. Кийинки жылдын аягына чейин 500дөй автобус алабыз деп жатабыз. Элүүсү быйыл келет. Ошондо бир жеңилдей түшөт». 

Ош шаарында жалпы 37 миң окуучуга ылайыкташкан 55 мамлекеттик мектеп бар. Учурда анда 80 миң окуучу билим алат. Ал эми Иригатор көчөсүндөгү жаңы мектептин бүтпөгөн курулушу азыркы тапта козголбой турат. Ал арада аймактын тургундары шаарда окуучулардын саны өсүп жататканын айтышууда.

Автор: Т-Медиа > 355 статей