БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жанын кыюуга аракет кылган судьянын абалы орто

Ош: жанын кыюуга аракет кылган судьянын абалы орто

Сүрөт интернеттен алынды

Өз жанын кыюуга аракет кылган Ош облустук сотунун судьясы реанимациядан кан-тамырлар хирургиясы бөлүмүнө чыгарылган. Учурда абалы орто деп бааланууда. Бул тууралуу “Т-Медиага” облустук оорукананын жетекчиси Атабек Жумалиев билдирди. 

Бейтап 30-сентябрь күнү кечинде абалы турукташкандан кийин бөлүмгө которулган. 

Шаардык милиция окуя боюнча күбөлөр суралып, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады. 

30-сентябрда жергиликтүү басылмалар Ошто судья кан тамырын кесип, ооруканага түшкөнүн жазып чыгышкан. Бейтап ооруканага эрте менен саат 7:55 чамаларында жеткирилип, ага дароо операция жасалган.

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей