БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жаңы салынуучу муниципалдык базардын орду өзгөрдү

Ош: жаңы салынуучу муниципалдык базардын орду өзгөрдү

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Ош шаары/14.07.2024

Ош шаарында жаңы салынуучу муниципалдык базар Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү "Мегаполис" соода түйүнүнүн  маңдайындагы жерге курулат. Бул тууралуу мэр Бакытбек Жетигенов 22-июлда борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы болуп чыккан соодагерлер менен жолукканда билдирди. 

Мэриянын маалымдашынча, жаңы муниципалдык базар эки ай ичинде курулуп бүтөт. Ага чейин соодагерлер азыркы базарда иштей берет. 

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сел каптаган борбордук базардын соодагерлери менен жолукканда базарга кепилдик жок экенин айтып, башка жакка жылдырыларын билдирген.

Кийин Ош мэриясы базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөрүн кабарлаган. Ал үчүн Жапалактагы  унаа базардын жанындагы 16,7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ал эми тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилгени кабарланган. 

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган. 

Бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, суу ташкындан 800дөй үй зыян тарткан. 

Автор: Т-Медиа > 352 статей