БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ош шаарына 30-октябрда жылуулук берилет

Ош шаарына 30-октябрда жылуулук берилет

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарына 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу вице-мэр Сонунбек Жунусбаев 28-октябрда билдирди. Ал жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндө толук жетерин кошумчалады.

Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулукка туташтырылат. Андан соң турак жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет.

Быйыл июндан тарта өлкөдө жылуулуктун жана ысык суунун тарифи көтөрүлдү. Жылуулуктун буга чейин 1 гигакалориясы калкка 1248 сом болсо, эми жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория үчүн 1560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Былтыр Ошко жылуулук берүү 4-ноябрда башталган.

Кыргызстанда октябрдын орто ченинен тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. Кыргызгидромет өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 792 макала