БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошко мартта алынып келген 100 жаңы автобус каттамга чыга баштайт

Ошко мартта алынып келген 100 жаңы автобус каттамга чыга баштайт

Сүрөт: Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын маалымдашынча, жаңы автобустардын жыйырмасы 4-июлдан тартып №143 каттамга чыгып, жүргүнчү ташый баштайт. Алар Актилек кичи районунан баштап, Манас-Ата аймактык башкармалыгына чейин барышат. Бул багытта 20 аялдама бар, автобустар анын ар биринде 6-7 мүнөттүк аралык менен иш алып барат.

Калган 80 автобус жакынкы күндөрү жүргүнчү ташып баштайт. Алар жаңыдан түзүлгөн №7 каттамга, ошондой эле №49 жана №25  каттамдарына чыгат

Автобустар июнь айында каттамга чыкмак. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев айтылган мөөнөтүнөн кечеңдешине видео көзөмөл камералары орнотулуп жатканын жүйө келтирген.

Өзбекстандан ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 100 жаңы автобус Ошко 21-мартта алынып келинген. Бул үчүн калаа бийлиги Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду менен чогуу иш алып барганын маалымдаган.  Самарканд шаарындагы "СамАвто" заводунан чыккан бир автобустун баасы 89 миң 500 долларга бааланган. Коомдук транспорт 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. 

Буга чейин дагы Ош мэриясы өзбекстандык "СамАвто" авто заводунан элүү автобус сатып алган. Алардын ар бири 37 миң долларды түзгөн. Бирок кийин көп өтпөй сапаты жакшы делген автобустардын сегизи бузулуп, оңдоп-түзөөгө муктаж болгон. 

Ош шаарында транспортто жүрүү акысы 2021-жылы 1-декабрдан тарта кымбаттаган. Ага ылайык, маршруттук кичи автобустар кечки саат жетиге чейин 15, андан кийин 20 сомдон жол кире алат. Окуучулар үчүн жол кире - беш сом. Муниципалдык транспорт - троллейбус жана автобуста жүрүү акысы - 10 сом.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей