БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 16 жаштагы студент курулуштун 13-кабатынан кулап, каза болду

Ошто 16 жаштагы студент курулуштун 13-кабатынан кулап, каза болду

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Асилбек Тагайбек уулу/ 08.10.2024

5-октябрда Ош шаарындагы курулуш жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан 16 жаштагы жаран кулап, каза болгон. Ал Ош мамлекеттик университетинин колледжининде 1-курсунун студенти болгон. Бул тууралуу "Т-Медиага" бүгүн, 8-октябрда шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маркум Өзгөн районунун Куршаб айлынын тургуну болгон. Окуя болгон күнү ал өзүнүн эки жердеши менен убактылуу курлуштун калдыктарын тазалап иштеп жаткан. Кырсык болгон үйдү ARTWIN курулуш компаниясы Жеңишбек Шамшиев-1 көчөсүндө куруп жатат. 

"Учурда тергөө кызматы тарабынан атайын токтомдун негизинде, соттук медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Каза болгон адам жумушка мыйзамдуу алынганбы? Тиешелүү коопсуздук чаралары жөнүндө атайын окуудан өткөнбү? Ушулар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат"- деди Замир Сыдыков.

Аталган курулуш компания окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ош шаарында буга чейин көп кабаттуу үй курулуштарында коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан, жумушчулар кулап каза болгон учурлар катталган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей