БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ошто «Айтматовдун ааламы» театралдык композициясы коюлууда. Сүрөт баян
Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улутттук драма театрында "Айтматовдун ааламы" аталышындагы театралдык композиция коюлуп жатат. Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш чара 9-ноябрда башталган.
Аталаган театралдык композицияда жазуучунун чыгармаларынан көрүнүштөр топтоштурулуп, коюлууда. Чыгарманы 30га жакын актёр, актрисалар аткарат. Театралдык композициянын режиссер-коюучусу - Кыргыз Республикасынын Эл артисти Талантбек Апыев.
Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 80 жаш курагында дүйнө салган. Анын сөөгү "Ата-Бейитке", атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat