БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто активист стипендиясына аялдамаларга таштанды сорттоочу урналарды коюп берди

Ошто активист стипендиясына аялдамаларга таштанды сорттоочу урналарды коюп берди

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Алтынай Базарбай

Ош шаарынын тургуну Алтынай Базарбай өз стипендиясын чогултуп шаардагы жаңы курулган аялдамага он таштанды урнасын алды. Ал болгону 24 жашта. Шаардагы жаш активисттердин бири.

Алтынайдын айтымында, бир күнү аялдамада туруп, колундагы таштандыны салганга урна таппай калган. Ошондо жаңысын алуу үчүн стипендиясын чогулта башатаган. 

"Өзүңүздөр билгендей эле бул Арван аялдамасында (ред-Курманжан Датка көчөсүндө) адам дайым көп. Анан биз балмуздак жеп чыгып, таштанды ар жерде жатканын байкадык. Аларды ыргытчу жер жок. Аялдамалар жаңыдан курулгандан кийин мурдагы урналардын эскилиги жетип алынган. Элдер таштандыны каякка ыргытышты билбей жерге таштай баштады. Биз Ош шаарынын жаштары бул көйгөйдү көрүп,  демилге көтөрүп чыктык".

Активистке таштанды урналарын боёп, сорттоо үчүн жазууларды жазганга достору жардам берген. Жаштардын бул аракетинин башкы максаты шаардын көркүнө көрк кошуп, экологияны коргоо болууда. 

"Урналарды жөн эле орнотуп койбой биз ойлондук. Шаарда башка жерлерде да ылгоочу урналар бар. Ал жерде күзөтчүлөр адамдарга кайсыны керге ташташ керек экенин көрсөтүп турушат. Демек, аз-аз кадамдардан өтүп, элдер буга үйрөнөт деген ойдобуз",- дейт Алтынай. 

Калаада Алтынай кезиккендей урнасы жок аялдамалар жаңы курулган. Аларды жеке ишкерлер салып жатат. Шаар бийлиги ишкерлерге урна орнотууну да жүктөгөн. 

Ош шаардык муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиевдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында 202 аялдама бар. Алардын 22син жаңы форматка өткөн. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей