БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто бала бакчанын адиси пара алууга шектелип кармалды

Ошто бала бакчанын адиси пара алууга шектелип кармалды

ИИМ тараткан сүрөт

Ош шаарында бала бакчанын адиси акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 29-августта кабарладыБирок мекеменин атын ачыктаган жок. 

Министрликтин маалыматына караганда, Ош шаарынын тургуну кызын бала бакчага киргизгени барганда, андан мекеменин кызматкери 15 миң сом акча сураган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси ("Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу")менен кылмыш иши козголуп, шектүү 28-августта кармалган. 

Учурда соттук экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатканы айтылды. 

Расмий маалыматка ылайык Ош шаарында 67 бала бакча бар. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей