БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто бала бакчанын жетекчиси пара берүүгө шектелүүдө

Ошто бала бакчанын жетекчиси пара берүүгө шектелүүдө

Аталган бакчадагы балдар/ сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаардык милициясы "Би-Би" жеке менчик бала бакчасынын жетекчиси пара берип жатып кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы 22-январда билдиргендей, буга чейин аталган бакчанын ишмердүүлүгү текшерилип жаткан. Ага атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өткөрүп жатканы тууралуу видеолор себеп болгон. 

"19-январь күнү аталган бакчанын жетекчиси текшерүү иштерин токтотууну көздөп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине 20 миң сом  пара берип жаткан учурда кармалган. Пара берүү учуру фото-видео менен тастыкталган", -дейт шаардык милиция.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү"беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. 

Бала бакча жетекчисинин адвокаты окуя боюнча комментарий бере элек.  

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей