БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто бий фестивалы өтүп жатат. Сүрөт баян

Ошто бий фестивалы өтүп жатат. Сүрөт баян

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарында "Бий өнөрү-2024" аттуу эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ага Түркия, Казакстан, Каракалпакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан бий топтору катышууда. Максаты - элдердин достугун, маданиятын жана каада салтын жайылтуу болуп саналат.

Фестиваль 8-июлда башталган. Иш-чаранын биринчи күнүндө бийчилер калаанын борбордук көчөсү аркылуу Токтогул Сатылганов атындагы маданият жана эс алуу паркына чейин барышып, анда фестивалдын ачылыш аземи жана сынактын катышуучуларынын өнөрлөрү көрсөтүлгөн.

Экинчи күнүндө бийчилер Манас-Ата кичи районундагы эс алуу багында шаардыктарга концерттик программа тартуулашты.

Фестиваль 11-июлда жыйынтыкталат. Ал күнү катышуучулар "Келечек" чыгармачылык борборунда бий боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт. 

Бий фестивалын Ош мэриясына караштуу Маданият башкармалыгы уюштурган. 

Автор: Т-Медиа > 352 статей