БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 1-апрелден тарта көп кабаттуу үйлөрдүн алдын "Тазалык" ишканасы тазалайт

Ошто 1-апрелден тарта көп кабаттуу үйлөрдүн алдын "Тазалык" ишканасы тазалайт

Сүрөт: Сонунбек Жунусбаевдин соцтармактагы баракчасынан алынды

1-апрелден тарта Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн алдын "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы тазалап баштайт. Ал үчүн жашоочулар айына он сомдон төлөшөт. Токтом үстүбүздөгү жылдын мартында чыкканын вице-мэр Сонунбек Жунусбаев "Т-Медиага" билдирди.

Анын айтымына караганда, көп кабаттуу үйлөрдүн короосун тазалоо сунушу жергиликтүү тургандардан түшкөн. Андан кийин мунициапалдык аймактык башкармалыктарда коомдук угуулар уюштурулган. Жунусбаев бул тартипке шаардагы бардык көп кабаттуу үйлөр өтөөрүн кошумчалады. 

"Эми бийик кабаттуу үйдө жашагандарды ишембиликке чыккыла деп кыйнабайбыз. Бирок кошумча айына бир жолу 10 сомдон төлөйсүздөр. Бир адам таштандыга айына 35 сомдон төлөсө, эми 45 сомдон төлөп калат", -дейт ал.   

Ош шаарында таштандынын тарифи 2023-жылы он сомго көтөрүлгөн. Буга чейин көп кабаттуу үйдө жашаган бир адам айына 25 сомдон төлөсө, эми 35 сомдон төлөйт. 30 сомдон төлөп келген жер үйдүн жашоочусу болсо 40 сомдон төгөт.

Азыр Ош шаарынан чыккан таштанды шаардан беш километр алыстыктагы полигонго чыгарылат. Ал 1950-жылдардын этегинде курулуп, анын аянты 50 гектардан ашат. Учурда анын 23 гектары бош турат.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей