БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 8-кабаттан кулаган курулушчу каза болду

Ошто 8-кабаттан кулаган курулушчу каза болду

Иллюстративдик сүрөт/

Ош шаарында курулушу жүрүп жаткан үйдүн сегизинчи кабатынан кулап кеткен 28 жаштагы жигит каза болду. Маркум Кара-Кулжа районун тургуну экенин "Т-Медига" шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 23-январда түштөн кийин болгон. Ал калаанын Авиценна 10а көчөсүндөгү "Карагай Курулуш" компаниясына таандык курулушта иштеп жаткан. Алган жаракатынан жумушучу ошол жерден жан берген.

Окуя кокустук беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө. 

Курулуш компаниянын жетекчилери окуя боюнча комментарий бере элек.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык "Карагай курулуш" ЖЧКсы 2023-жылдын август айында кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Махамат уулу Абдималик көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү - Махамат уулу Абдималик, Акбар Бектенов, Мунарбек Орозахунов. Компания турак жайларды, имараттарды куру менен алектенет. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей