БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто мыйзамсыз жумушка алуу фактыларын азайтуу боюнча окутуу өттү

Ошто мыйзамсыз жумушка алуу фактыларын азайтуу боюнча окутуу өттү

Сүрөт: Миграциялык ресурстук борбору (МРБ)

Мамлекеттик жана жеке секторлордун адистери мыйзамсыз жумушка алуу фактыларын азайтуу, тиешелүү мамлекеттик эрежелерге жана ченемдерге ылайык иш алып баруу боюнча атайын окутуудан өтүштү. Иш-чара 3-4-июль күндөрү Ош шаарында болду. 

Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) маалыматына караганда, окутуу Кыргызстанда эмгек мигранттарын жалдоодо этикалык нормаларды жана стандарттарды жайылтуу максатында уюштурулду. Ошондой эле аткезчилердин кызматын колдонуунун коркунучтары, адам сатуу менен байланышкан тобокелдиктер боюнча маалыматты жайылтууну көздөйт. 

Иш-чараны аталган борбор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен чогуу демилгелеген. Окутуу "Жибек жолу жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө миграциялык башкарууну жакшыртуу жана мигранттарды коргоо" же PROTECT 2023-жылдын июнь айында башталып Европа Биримдиги тарабынан каржыланган үч жылдык долбоордун алкагында ишке ашууда.

Миграциялык ресурстук борбордун Оштогу бөлүмү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кеңсесинде жайгашкан. Борбор мигранттарга керектүү кеңеш берүү менен алектенет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей