БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Оштогу «Ифтар базар» жабылды
Ош шаарынын 8-март көчөсүндө жайгашкан "Ифтар базар" деген атка конгон соода орундары санитардык талаптарга жооп бербегендиктен жабылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев билдирди.
"Базардын эч кандай юридикалык документти жок. Алар өз билемдик менен тез бузулуучу тамаш-аштарды автоунаалар жүрүүчү жолдун боюна, тротуарга тизип, санитардик нормаларды бузушууда. Ошондой эле шаар ичинде жол тыгынын пайда кылышкан. Мындан улам базарды 14-мартта жаптык", -деди ал.
Базар жыл сайын орозо маалында иштейт. Күн сайын кечке жуук ооз ачарга жакын ачылган базарда жашылча-жемиштен тартып ысык тамактын бардык түрүнө чейин сатылат.
Жергиликтүү бийлик базарды ар жылы жабат. Бирок сатуучулар кайра эле чыгып соодасын жүргүзө берет.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat