БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ош: Билим берүү башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Ош: Билим берүү башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Салтанат Аманова/ Сүрөт: Ош мэрия

49 жаштагы Салтанат Аманова Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Буйрукка калаа башчысы Бакытбек Жетигенов бүгүн, 27-ноябрда кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жаңы жетекчи ушул эле күнү жамаатка тааныштырылды. 

Аманова буга чейин Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп турган. Эмгек жолунда Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, мэриянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Маданият, маалымат жана спорт министринин орун басары болуп иштеген. 

Билим берүү башкармалыгынын мурунку жетекчиси Санталат Аманова өз арызынын негизинде өткөн айда кызматтан бошогон. Ал 17-ноябрда шаардык кеңешке болгон шайлоого "Ынтымак" партиясынын тизмесинде катышкан.  

Бул жолку өнөктүктү өткөрүүдө айрым өзгөрүүлөр кирген. Мисалы, 30%дан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери ыйгарым укуктарын убактылуу эмес толугу менен токтотушу керек. Бул дегени шайлоодон өтсө-өтпөсө да кайра кызматына кайта албайт дегенди түшүндүрөт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 394 макала