БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто Өзбекстандын башкы консулдугу ачылды

Ошто Өзбекстандын башкы консулдугу ачылды

Сүрөт: президентинин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Ош шаарында бүгүн, 7-декабрда Өзбекстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка караганда, башкы консулдук Өзбекстандын Конституция күнүнө карата ачылган. Иш-чарага президенттин Оштогу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов жана Ош шаарындагы башка консулдук өкүлдөрү катышкан.

Элчибек Жантаев эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам экенин билдирген.

"Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана Өзбекстан менен Кыргызстан элдеринин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктү билдирет", -деп жазылат маалыматта.

Башкы консулдук Ош шаарынын Абсамат Масалиев проспектиси Д 3А дарегинде (болжолдуу Ош району) жайгашкан. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей