БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: "Жаштар ХАБын" курууга 9 млн сом жетпей жатат

Ош: "Жаштар ХАБын" курууга 9 млн сом жетпей жатат

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарында жаштар үчүн акысыз "Жаштар креатив ХАБы" курулууда. Бирок аны бүткөрүүгө 9 млн сом жетпей жатат. Каражат топтоого ыктыярчылар байпак сатып, тур уюштуруп жардам берүүдө. 

"Азыркы офисте да жолугушууларды өткөрөбүз. Бирок чоң имарат болсо мындан да жакшы болмок. Ошондуктан бардык ыктыярчы, Ош шаарынын жаштары бул хабдын бүтүшүн күтүп турат. Бүтсө эле келип өздөрүнүн идеяларын ишке ашырып, баарлашып, максаттарын, пландарын коймок", -деп билдирди ыктыярчылардын бири Элзада.

Аталган "ХАБда" тил курстары, подкаст тартуучу аянтча, китепкана, иш-чара өткөрүүгө бөлмөлөр бар. Аны каалоочулардын баары колдоно алат. Борбордун курулушу 2020-жылы ашар жолу менен башталган. Буга чейин элден 15 млн сом топтолуп, азыр каражат жок иш токтоп калган. Демилгени Youth of Osh уюму ишке ашырууда. 

"2020-жылдан бери бул долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Көп мээнетти талап кылды. Ар кандай ыкмаларды көрдүк. Байпак деле сатып көрдүк, бутерброд деле сатып көрдүк. Өзүбүздүн колдон келген иш-чараларды кылдык. Лагер уюштурдук. Адамадардан жөн эле акча топтободук", - Youth of Osh уюмунун жетекчиси Акмарал Сатинбаева. 

Жаштар борборунун курулушуна көмөктөшүүнү каалагандар төмөнкү эсептерге каражат которсо болот. 

"Демир Банк": 

1180000172212087 (сом)

1180000172212188 (USD)

0558 93 86 86 (баланс толтуруу)

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей