БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Оштогу борбордук базар жабылат

Оштогу борбордук базар жабылат

Сүрөт: Ош мэриясы

20-январдан тартып Ош шаарындагы борбордук базар жабылат. Ага ылайык учурда иштеп жаткан базардагы соодагерлер жаңы салынган муниципалдык базарга көчүп чыгышы керек. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

"20-январынан тарта А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын эскертебиз. Белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууңуздарды өтүнөбүз",- деп айтылат билдирүүдө. 

Муниципалитеттен билдиргендей, аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат.

Жаңы базардын аянты жети гектарды түзөт. Эки жарым миң орунга ылайыкташып, ага 600 млн сом каражат жумшала турганы, базардагы орундар учурдагы базарда иштеп жаткан соодагерлерлердин баарына акысыз берилери айтылган.

Эске салсак, 2024-жылдын 14-июлундагы катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы нугунан ашып жанындагы базарды каптаган. Селден беш адам каза тапкан

Табигый кырсыктан кийин ал жердеги базар башка жакка көчүрүлмөй болгон. Алгач мэрия  борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөрүн кабарлаган. Ал үчүн унаа базардын жанындагы 16,7 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок кийин соодагерлердин нааразычылыгынан кийин базардын орду өзгөртүлгөн.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала