БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Оштогу эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу жазда бүтөт. Негизги жол азырынча ачылбайт
Монуев - Шакиров - Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөктү пайдаланууга берүү мөөнөтү келерки жылдын жазына калды. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев 60% жумуш бүткөнүн "Т-Медиага" билдирди.
"Жер астындагы коммуникациялардын баары которулуп бүткөн. "ЮРФА" тарапта жогорку чыңалуудагы отуз бештик бир чакырымдан ашык линия бар. Андан сырткары сегиз жүздүк таза суу түтүктөрү тартылды. Ал эми "ЮРФА" тарапка эки жүз диаметрдеги канализациялык түтүк койдук".
Өтмөктүн курулушу быйыл июнда башталып, жыл соңуна чейин пайдаланууга берүү пландалган. Бирок мэрия айрым себептер менен бүтүрүү мөөнөтү созулуп жатканын билдирди.
"Мунун курулуш мөөнөтү алты ай болгон. Бирок келишимиде "форс-мажордук" абал деген бар. Андан сырткары Монуев көчөсүн башында эле жаап туруп иштегенде алты айда бүтүш керек эле. Бирок ал толук жабылбаганына байланыштуу иш кечеңдеди. Анан дагы “ЮРФА” тараптагы эки тараптуу унаа жүрүүчү жолду жаңыдан куруп чыктык. Андан кийин негизги жолду жаптык. Аны салбай туруп негизги жолду жаба албайт элек. Жолдун астындагы бүт түтүктөр жаңы курган жол тарапка жылды",- дейт Шумкарбек Пайзиев.
Мэриянын маалымдашынча, өтмөк жол тыгынын жоюу максатында курулууда. Долбоорго 269 млн сом сарпталат.
Бул - шаарга курулуп жаткан экинчи өтмөк. Мында жер астынан-үстүнөн автоунаалар жана жөө адамдар өтүүгө ыңгайлаштырылган.
Биринчи өтмөк 2023-жылы Ош шаарында Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишине курулган. Ага мэриянын казынасынан 45 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Тендерден "Сапат Курулуш" компаниясы жеңип, куруп бүтүргөн. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген.
Автор: Бурханов Байэл > 24 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat