БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: "Коопсуз шаардын" камералары чет өлкөлүк номурларды да сүрөт-видеого тартат

Ош: "Коопсуз шаардын" камералары чет өлкөлүк номурларды да сүрөт-видеого тартат

Сүрөт интернеттен алынды

Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, алардын айып пулдары убактылуу каттоодо турган дарегине же болбосо унаа салыктарын төккөн мекемеге жиберилет. Айдоочулар айыптары бар же жоктугун tolom.kg сайты аркылуу билсе болот.  

"Коопсуз шаар" долбоордун алкагында калаадагы он негизги көчөгө 44 стационардык, 11 үч буттуу камералар коюлган. Учурда алар ылдамдыкты ашыруу, коопсуздук кур, каршы тилкеге чыгуу жана жөө жүргүнчүлөргө жол бербеген автоунааларды тартып жатат. 

2023-жылы октябрда Муниципалдык менчик башкармалыгы "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларын сатып алууга 2,5 млрд сомдук тендер жарыялаган. Конкурска жалгыз орусиялык "МегаФон" акционердик коому катышып, жеңүүчү аталган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей