БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Оштогу Раззаков мектебине жылуулук бериле баштады
Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназияга 18-ноябрда кечке жуук жылуулук берилди. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан "Т-Медиага" билдиришти.
Күн мурун "Т-Медиа" билим уя суук түшкөндөн бери жылууксуз иштеп жатканын чагылдырган. Окуу класстары суук болгондуктан окуучулар сабакта калың күрмөчөн отуруп, айрымдары сыркоолоп калган. Мектептин жетекчилиги жылуулуктун берилбей жатканына анын тиешелүү документтери бүтө электиги себеп болгонун билдирген.
Мектеп жаңы курулуп, быйыл майда пайдаланууга берилген.720 орундуу. Учурда 3 миңге жакын окуучу билим алат. Негизи анын курулушу 2013-жылы башталган. Тендерден "Капитал курулуш" компаниясы утуп чыгып, 284 млн сомго бүтүрүп берген. Мектептин жылуулуктан сырткары да көйгөйү бар. Жаңы курулганына карабай спорт залынын чатырынан жаан жааганда суу өтүүдө. Сыртагы спорттук аятнчасы да кейиштүү абалга келген.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat