БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Оштогу «Т» жолу он күндөн кийин ачылат

Оштогу "Т" жолу он күндөн кийин ачылат

Сүрөт: "Т-Медиа"

Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов билдирди. Ал жолду ачуу боюнча Транспорт министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады.

Буга чейин Жол чарба департаментинин Ош облустук №5 аймактык бөлүмү "Т" жолу октябрдын аягында пайдаланууга берилерин маалымдаган болчу. Жолдун жалпы узундугу 4 километр 800 мертди түзөт. Учурда анын үч чакырымга жакынына асфальт басылган. Калган бөлүгү кийинки жылы жасалары айтылууда. 

Бул жолдун курулушу былтыр күздө башталган. Ага 120 млн сомго жакын каралган.

Автор: Осмонова Айдана > 763 макала