БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Оштогу жеке менчик базарлар үчүн 10 гектар жер бөлүнгөн

Оштогу жеке менчик базарлар үчүн 10 гектар жер бөлүнгөн

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Ош шаарындагы борбордук базар

Ош шаарындыгы жеке менчик базарларга жаңы базардын жанынан 10 гектар жер бөлүнгөн. Бул тууралуу Ош мэриясынын "Базар" дирекциясы муниипалдык ишканасынын жеткечиси Чыңгыз Шерматов "Т-Медиага" билдирди.

Шерматовдун сөзүнө караганда, жаңы базардан ашкан орундар жеке менчик базардын соодагерлерине да берүүлүдө. Ал эми жетпей калгандарына мэрия жер бөлгөн. 

"Базардан ашкандарын биз жеке менчиктерге бергенбиз. Шокалад базар, 30-40 тан соодагерлери барларга бөлгөнбүз. Бизде жеке менчик базарлар көп экен. 5-10 сотых жерин бүт эле базар кылып алышыптыр. Ичинде 100гө чейин соодагерлер олтурушат. Аларга мына жактан ( ред-жаңы базардын жанынан) 10 гектар жер бекер бөлүндү. Учурда түркүктөрү коюла баштады", -деди ал. 

Оштун борбордук базары Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү жаңы салынган базарга көчүрүүлүдө. Калаада мындан сырткары Келечек, Бостон базарлары бар. 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала