БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

77 жашта. Оштун тургуну Астанага велосипед менен барат

77 жашта. Оштун тургуну Астанага велосипед менен барат

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Бүгүн, 1-августта Ош шаарынынын 77 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов велосипед менен V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 

Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду жүрүп, Астана шаарына барат. Мунун максаты түрк тилдүү мамлекеттердин достугун бекемдөө.

Мамыт Таштановго мэрия тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү. 

Таштанов 2022-жылы да Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.

Эске салсак, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт. Ага 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. Андаң соң оюндарды өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл токтотулуп, 2022-жылы Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң кезек Казакстанга берилген.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей