БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимов эки айга камалды

Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимов эки айга камалды

Жасур Азимов

Ош шаардык соту мурдагы вице-мэр Жасур Азимовду 18-сентябрга чейин камакка алды. Ал УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагында кармалат. Мындай токтомду шаардык сот 20-июлда кабыл алганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Азимов УКМК тарабынан кармалган. Ал "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шектелүүдө.

Жасур Азимов вице-мэрлик кызматка 2018-жылы дайындалган. Ал мэриянын курулуш жана муниципалдык менчик тармагын көзөмөлдөчү. Буга чейин "Т-Медиа" "Вице-мэр Азимов — миллиондук тендерлердин жеңүүчүсү" деген аталыштагы иликтөө чыгарган. Анда Азимов беш жылда 36,2 миллион сомдук тендерди утканы аныкталган.  Ал учурда Азимов окутуучу, депутат жана вице-мэр болуп иштеген.

Мындан тышкары анын аты бир нече жолу чуулуу иштерде аталган. Мисалы, 2019-жылдын августунда, ага мас абалында унаа башкарганы үчүн 17,5 миң сом айып салынган. Соцтармактарда тараган тасмада Азимов сөгүнүп, ичимдик ичкенин мойнуна алган жана "Ташкенттен келген конокторго Лениндин эстелигин көрсөтүүнү каалаганын" билдиргенАл эми 2020-жылдын ноябрында Башкы прокуратура Кең-Сай массивиндеги 25 гектар жер 2,5 миллион сомго бааланып, жеке менчик ишканага мыйзамсыз өткөрүп берилгенин аныктаган. Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жасур Азимов 2021-жылы апрелде жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен катышып, шайлоодон четтетилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей