БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Пакистандын ТИМ башчысы Бишкекке келип, жаракат алган студенттердин абалы менен таанышат

Пакистандын ТИМ башчысы Бишкекке келип, жаракат алган студенттердин абалы менен таанышат

Мохаммад Исхак Дар. Сүрөт интернеттен алынды

Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Астанадан мекенине кайтып бараткан жолдо Бишкекке кыска убакытка токтойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Маалыматка караганда, Мохаммад Исхак Дар Бишкекте ооруканаларда дарыланып жаткан пакистан жарандарынын абалы менен таанышып, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

17-майда социалдык түйүндөрдө «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылганын маалымдады. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен үч жаран кармалган. 

Автор: Т-Медиа > 361 статей