БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Пара алууга шектелген судья Акылбек Адимов үй камагына чыкты

Пара алууга шектелген судья Акылбек Адимов үй камагына чыкты

Сүрөт "Akipress"

Коррупцияга шектелип кармалган Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов үй камагына чыкты. Маалыматты "Т-Медиага" 31-октябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

 

Ага ылайык, Акылбек Адимовду бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу УКМКнын тергөөчүсү кайрылган. Сот арызды 23-октябрда карап, судьяны 17-декабрга чейин үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. 

 

Буга чейин Адимов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 17-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган. УКМК тараткан маалыматка ылайык, судья жашы жете элек баланы эркинен ажыратуудан башка жаза берүү үчүн анын туугандарынан адвокаттын ортомчулугу менен пара алганы аныкталган.

 

Акылбек Адимов коомчулукка иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана алдамчылыкка айыпталган жети баланын энеси боюнча ишти караган судья катары белгилүү.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей