БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Пара Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке кайтып келди

Пара Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке кайтып келди

Сүрөт: t-media

Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Пара Азия оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар бүгүн, 30-октябрда Бишкекке кайтып келишти. Эл аралык Манас аэропортунан спортчуларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчилиги жана алардын туугандары, күйөрмандары тосуп алышты.

 

Пара Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы жалпысынан бир алтын, эки күмүш жана бир коло байгени жеңди. Парадзюдо боюнча 48 кг чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев эки күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болушту.

 

Пара Азия оюндары 20-30-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында болуп өттү. Ага жалпысынан 44 мамлекет ат салышты.

 

Оюндарга спорттун алты түрү боюнча, тактап айтканда, жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдодон жалпы 27 кыргызстандык спортчу катышты. Курама команданы машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери коштоп жүрөт.

Автор: Т-Медиа > 355 статей